Таласта катталган жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды
2450
                                    
                                    
                                                                     Таласта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, кырсык Тараз - Талас - Суусамыр жолунда орун алды.
29-январда саат 21:00 чамасында Honda Stepwgn жана "ВАЗ-2107" унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды.
Жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://11.kaktus.media/10128                                    
                                
                            